18:46
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды

Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 11-январда Бишкектин тургуну арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар Токтогул көчөсүндө жайгашкан кеңселердин бирине кирип, ага таандык буюмдарды жана уюлдук телефонун уурдап кетишкенин айткан.

Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Окуяга шектүү делип 37 жаштагы жаран кармалды.


Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума