08:41
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Москва районунда уурулукка шектелген жаран кармалды

Чүй облусуна караштуу Москва районунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу РИИБдан билдиришти.

Беловодское айылынын 1971-жылы туулган тургуну РИИБге арыз менен кайрылып, 9-декабрда саат 19:00 чамасында темир жол вокзалынын жанынан белгисиз бирөө моюнундагы кымбат баалуу алтын чынжырды кулону менен үзүп качканын айткан.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Окуяга шектелип 28 жаштагы Чүй облусунун жашоочусу кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар