04:53
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча улуттук борборго 238 билдирүү келип түшкөн

Өткөн жылы Жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча улуттук борборго 238 билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу аталган борбордун былтыркы жылдык отчетунда айтылат.

Борбордун директору Нурдин Сулаймановдун айтымында, келген билдирүүнүн 43 пайызы кыйноолорго жана ырайымсыз мамиле жасоолорго даттануулар болгон.

«Кыйноолорду колдонуу жөнүндө — 123, ырайымсыз мамиле жасоолор жөнүндө — 52, кармоо шарттарына даттануулар- 24, башка даттануулар —39», -деп айтылат отчетто.

2018-жылы кыйноолор жөнүндө даттануулар менен жазуу жүзүндө келип түшкөн арыздардын абсолюттук көп бөлүгү (91,9 пайызы) ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан колдонулган кыйноолор болгон. УКМКнын кызматкерлери колдонгон кыйноолор жөнүндө 6 кабарлоо бар. Прокуратура органдары тарабынан кыйноолорду колдонуу жөнүндө түшкөн 123 арызды кароонун жыйынтыктары боюнча 82 арыз боюнча жазык ишин козгоодон баш тартылган.

Эң көп окулган жаңылыктар