13:20
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Караколдун тергөө абагындагы милиция кызматкерлери акыйкатчыга кайрылышты

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Караколдогу тергөө абагындагы жарандардын кармоо шарттары менен таанышты. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акыйкатчы камераларга кирип, шарттары менен таанышып, ал жактагы Россиянын, Өзбекстандын, Монголиянын жарандары менен сүйлөштү. Алардын баары чек арадан мыйзамсыз өтүү боюнча кармалышкан. Чет өлкөлүк жарандар кармоо шарттарына даттанышкан жок.

«Башка камерада милициянын мурдагы алты кызматкери камалган. Алардын бешөөсү акыйкатчыга сот жыйындарында алардын укуктарын коргоп берүү өтүнүчү менен кайрылышты. Бирөөсү ага баңгизатын таштап, жалаа жаап жатышканын айтты. Ал эми милициянын мурдагы үч кызматкери аларга карата колдонулган баш коргоо чарасына — камакта жаткандарына макул эмес экенин билдирди», — деп айтылат маалыматта.

Акыйкатчы барган кезде тергөө абагында 69 адам кармалып турган, алардын бирөөсү аял, дагы бири жашы жете элек өспүрүм.

Жамиля Жаманбаева камактагы аялдын шарты менен да таанышты. Ал пробация шарттарын бузганы үчүн соттун чечими менен тергөө абагына киргизилген. Ал дагы кармоо шарттарына нааразы болгон жок. Башка камерадагы 17 жана 18 жаштагы өспүрүмдөр дагы абактагы шарттарга арызданышкан эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар