05:21
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жаманбаева, Карабаева. Акыйкатчы кызматына дагы кимдер көрсөтүлүүдө

«Ата Журт Кыргызстан» фракциясы Акыйкатчы кызматына Жамиля Жаманбаеваны көрсөтүүдө. Бул тууралуу фракциядан билдиришти.

Бирок, азырынча «Ата Журт Кыргызстан» Жамиля Жаманбаеванын талапкерлигин сунуштоо боюнча жыйын өткөрө элек.

Ал эми «Ишеним» фракциясы Канымбу Карабаеваны көрсөтмөкчү.

Акыйкатчы институтунун жамааты Жогорку Кеңешке кайрылып, мекеменин аппарат башчысы Аскат Азарбековдун колдоону өтүнүшүүдө. Анын талапкерлеги үчүн 57 кызматкер парламентке жөнөтүлгөн катка кол койгон.

Эң көп окулган жаңылыктар