21:41
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Журналистердин кармалышы. Акыйкатчы ички иштер башкы башкармалыгына кат жөнөттү

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жарандарды жеке кабыл алып, кармалган 11 журналисттин туугандары менен жолукту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Алардын жакындары Акыйкатчыга кармалгандардын укуктары бузулуп жатканын айтышты.

«17-январда сот кармалгандардын баш коргоо чарасын карап, аларды тергөө абагына которуу чечимин чыгарганына карабастан ушул кезге чейин убактылуу кармоочу жайда отурушат. Бул алардын укуктарын бузууда», — деп жакындары арызданды.

Андан сырткары, сот кармалгандардын баш коргоо чарасын карап жатканда жактоочулардын жүйөөлөрүн эске албаганын айтышты.

Жамиля Жаманбаева журналисттер кармалган күндүн эртеси эле Акыйкатчы институтунун кызматкерлери убактылуу кармоочу жайга барып, алардын кармоо шарттары менен таанышып, ошондой эле ар бир менен сүйлөшүп келгенин белгиледи.

«Биз өз мандатыбыздын алкагында кармалган жарандардын укуктарынын корголушу боюнча иш алып баруудабыз. Ошондой эле алардын эмне себептен убактылуу кармоочу жайдан, тергөө абагына которулбай жатканын билүү үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына кат жолдодук», — деди Акыйкатчы.

16-январда Temirov Live долбооунун кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, редакциялык жабдыктар алынган. Милиция үйлөрүн тинтип, басылманын учурдагы жана мурдагы 11 кызматкерин камакка алган.

ИИМ Temirov Live жана «Айт Айт Десе» социалдык баракчаларындагы материалдарга жасалган соттук-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгында аларга каршы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү «Массалык башаламандыкка чакырыктар» боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. 11 журналист 13-мартка чейин Бишкектин № 1 тергөө абагында болушат. Алардын баары Temirov Live долбоорунун мурдагы же учурдагы кызматкерлери.

Эң көп окулган жаңылыктар