22:50
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Акыйкатчы Караколдогу жаңы тергөө абагынын курулушун тездетүүгө чакырды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Караколдогу тергөө абагындагылардын сейилдөө шарттары менен таанышты. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөө абагынын башчысы мекеменин ичиндеги камактагылар үчүн нан бышырылган жайды көрсөттү.

«Камактагыларды беренесине карап нан бышыруучу жайга тандап алышат, аларга айлык маяна берилет. Буга чейин соттолбогондорду жана оор кылмыштарга шектелбегендерди тандап алабыз», — деп айтышты жабык мекеменин кызматкерлери.

Ошондой эле тергөө абагынын башчысы жылытуу мезгилине карата көрүлүп жаткан даярдык менен тааныштырды.

«Мекемени жылуулук менен камсыздаш үчүн баардык чаралар көрүлүүдө. Көмүр алынды, жылытууга жаңы мештер коюлду», — деп айтты ал.

Акыйкатчы мекеменин жетекчилигине камалгандардын укуктарын сактоону камсыз кылуу жана адам укуктарынын таанылган жалпы принциптерине ылайык тергөө абагынын жаңы имаратынын курулушун тездетүү маанилүү экенин эскертти.

«Имарат эски. Камактагылардын кармоо шарттарынын нормаларына ылайык келе турган жаңы имаратты куруу талап кылынат», — деп белгиледи акыйкатчы.

Имараттын жетекчилиги берген маалыматка ылайык, Караколдогу тергөө абагы 1900-жылдарда курулган.

«Адегенде имарат кербен сарай катары курулган. Андан кийин аны тергөө изолятору кылышкан», — деп билдиришти кызматкерлер.

Тергөө абагы 142 адамга ылайыкталган.

"Мурда орундар көп болчу, бирок имараттардын бири авариялык абалда деп табылды. Кийинки жылы жаңы имараттын курулушу күтүлүп жатат", - деп белгиледи тергөө абагынын башчысы.

Мамлекеттик органдар берген маалыматка караганда, Каракол шаарынын чет жагына курула турган тергөө абагынын жаңы имараты министрлер кабинети тарабынан бекитилген жол картасына киргизилген.

Акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдарды Караколдогу тергөө абагынын жаңы имаратынын курулушун тездетүүгө чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар