21:00
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Акыйкатчы укук коргоочу Камил Рузиевге жардам берет

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева бүгүн укук коргоочу Камил Рузиев менен жолугушту. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Камиль Рузиев анын укуктарын калыбына келтирүүгө колдоо көрсөтүүнү суранды. Негизинен, Рузиев адилеттикке жана мыйзамсыз кылмыш иликтөөсү үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жазалоого жетише албай жатканын айтты.

Анын маалыматына караганда, ага каршы мыйзамсыз иш козгогон тарапты кылмыш жоопкерчилигине тартышкан эмес, болгону тартип чарасы гана колдонулган.

Рузиев сот аны актаганын, ал эми азыр аны мыйзамсыз тергеген адамды кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылып жатканын кошумчалады.

Акыйкатчы бул боюнча институттун тиешелүү бөлүмө мамлекеттик органдарга зарыл болгон билдирмелерди даярдоону тапшырды.

«Мен сиздин кейс боюнча ар бир документти изилдеп чыктым. Кандай жардам берүү керектигин түшүндүм. Азыр биз зарыл болгон документтерди даярдайбыз. Биз сизге жардам берүүгө аракет кылабыз», — деп убада берди Акыйкатчы.

Андан сырткары, Акыйкатчы бир катар жарандарды кабыл алып, алардын маселеси чечүү боюнча тапшырмаларды берди.

Эң көп окулган жаңылыктар