16:47
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жамиля Жаманбаева акыйкатчы болуп дайындалды

Жамиля Жаманбаева Акыйкатчы институтун жетектейт. Аны бүгүн Жогорку Кеңеш бул орунга тандады.

Жамиля Жаманбаеванын талапкерлиги үчүн 48 добуш берилди.

Дагы бир талапкер Бакыт Рыспаевди 20 депутат колдоду.

Жамиля Жаманбаева Башкы прокурордун мурдакы орун басары. Аны акыйкатчылыкка «Ата Журт Кыргызстан» фракциясы жана «Мекенчил» тобу көрсөттү.

Эң көп окулган жаңылыктар