19:23
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өкмөт активисттерге ыраазычылык билдирип, Нарынга мектепти өзү бүтүрөрүн айтты

«Жарандык активисттерге жаңы мектеп куруу үчүн каражат топтоо демилгеси үчүн ыраазычылык билдиребиз», — деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

Өкмөт Нарын облусунун Кеңеш айылында орто мектеп куруу маселесин өзү чечмекчи.

Маалыматка караганда, Нарын облусунун Кеңеш айылындагы орто мектептин курулушу боюнча долбоордук-сметалык иш-кагаздары даяр жана 2020-жылдын планына киргизилген.

Бийлик жакынкы жылдары башка авариялык мектептердин да маселесин толук чечүүнү убадалайт.

2016-жылдан 2019-жылга чейин Кыргызстанда 220 жалпы билим берүүчү мектеп жана 16 бала бакча курулуп, дагы 34 мектепте капиталдык оңдоо жүргүзүлдү.

Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен 2016-жылы 28 мектеп жана 1 бала бакча, 2017-жылы — 46 мектеп жана 6 бала бакча, 2018-жылы — 68 мектеп жана 6 бала бакча, 2019-жылы — 38 мектеп жана 3 бала бакча курулган.

Жергиликтүү бюджеттин жана тартылган кошумча каражаттардын эсебинен жалпы билим берүүчү мекемелер курулуп жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

«Капиталдык салым» беренеси боюнча каржыланган объекттердин тизмесине ылайык, 2019-жылы 2 миллиард 133 миллион сом бөлүү каралган.

2019-жылдын 1-сентябрына карата 14 мектептин курулушу аяктап, дагы 27 мектеп жыл аягына чейин курулуп бүтмөкчү.

2019-жылдын аягына чейин жалпысынан 64 объекттин курулушун аяктоо пландалууда, анын ичинде 41 мектеп жана алардын спорт залдары, үч бала бакча, алты спорт зал жана комплекстер, алты саламаттык сактоо жана бир катар башка объекттер бар. Мындан тышкары 33 социалдык объектте капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө, анын ичинде 15 мектеп, беш саламаттык сактоо объекти жана бир нече башка объект бар.

Эң көп окулган жаңылыктар