15:38
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Жарандар Кеңеш айылынын мектебинин курулушуна каражат чогулта башташты

Социалдык тармактарда Нарын районундагы Кеңеш айылынын мектебинин курулушуна каражат чогулта башташты. Маалыматты 24.kg агенттигине акциянын демилгечилеринин бири Жамалбек Ырсалиев тастыктады.

Айтымында, көңүл кош карабаган кишилер контейнердин ордуна ашар жолу менен мектеп курууну колго алууну сунушташты.

Фейсбуктун колдонуучусу Илгиз Шаменов жаңы имараттын фундаментин куюп берүүгө даяр экенин жазган. Дагы бир канча жаран цемент, шифер жана акча берүүгө даяр экенин билдиришкен.

Эске салсак, кечээ Нарын облустук администрациясынын аткаминерлери контейнердин фонунда түшкөн сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланган. Сүрөттүн алдында Кеңеш айылынын окуучулары ушул мектепте убактылуу окуй турганы жазылган.

Нарын облустук администрациясы 24.kg агенттигине маалыматты тастыктап, сүрөттөгү «мобилдүү» мектеп бар экенин айтышты.

Маалыматка караганда, Кеңеш айлынын билим берүү мекемеси авариялык абалда турат. «ӨКМ жарымы бузулуп калган имаратта окууга тыюу салган. Мындан улам окуу атайын жабдылган контейнерлерде жүргүзүлөт. Алардын саны 6, баардыгы жылууланган. Анда 160 бала 2 кезек менен окушат», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар