10:24
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Нурлан Насип Асел Кадырбекова менен ажырашканын четке какты

Ырчы Нурлан Насип Асел Кадырбекова менен ажырашканы тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу ал КТРК «Музыка» каналына берген маегинде билдирди.

Нурлан Насип жубайы менен кызы үйдө экенин, чогуу эле жашап жатышканын кабарлады.

Буга чейин Нурлан Насип өзүнүн инстаграм баракчасына кызы менен ойноп олтурган видеосун жүктөп, ырчынын жеке жашоосуна кабатыр болгон күйөрмандарын тынчтандырган.

Акыркы жумада Асел Кадырбекова "Жар жар" айтып, апасынын үйүндө жашап калганы социалдык тармакта кызуу талкууга алынып, түгөйлөр ажырашып кетиптир деген сөздөр айтылган. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума