00:26
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Нурлан Насип Түркияда көзүнө операция жасатты

Эстрада жылдызы Нурлан Насип Түркиянын Измир шаарындагы клиникалардын биринде көзүнө операция жасатты. Бул тууралуу ырчы Instagram баракчасында клиникадан тарткан видеосу менен бөлүштү.

Ырчынын айтымында, акыркы убакта көрүүсү начарлап кеткен.

«Операция 1 саатка созулуп, ийгиликтүү аяктады. Азыр баары жакшы. Көзүңүздөргө жакшы караңыздар», — дейт ырчы Нурлан Насип.

Эске сала кетсек, Нурлан Насиптин жубайы Асел Кадырбекова 12-мартта сулуулук салонун ачты. Анда интернет колдонуучулар: «Эмне үчүн Нурлан Насип жок, урушуп кеттиңерби?», — деген пикирлерин калтырышкан эле.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби