02:58
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Президент менен ыктыярчылардын жолугушуусу шоу-бизнесте талаш-тартыш жаратты

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков 21-июлда коронавирус жана жугуштуу пневмония менен күрөшүүдө жардам берген ыктыярчылар менен жолугушуу өткөрдү. Ага 12 ыктыярчы катышты. Эл арасында акча топтоп, ар кандай көмөк көрсөтүп жүргөн шоу-бизнес өкүлдөрүнүн ичинен ырчы Анжелика Кайратова, Айзада Жамгырчиева, алып баруучу Эркин Рыскулбеков президент менен баарлашууда болду. Бул алардын кесиптештеринин арасында кызуу талкуу, нараазычылык жаратты. Айрыкча Айзада Жамгырчиеванын ыктыярчылардын катарына кошулуп калгандыгына таң калуулар айтылып, анын соцтармактагы баракчасына дагы жазылды.

Айрым пикирлер «Апам жана мен» деп аталган кыймылдын атынан Анжелика эмес, белгилүү ырчы Алтынай Нарбаева барыш керек болчу.

Алтынай Нарбаева өзү дагы капа болгонун жашырбай, жаштар улууларга кезек бербей өткөнүн белгиледи.

«Чет өлкөгө иш сапарларга, мамлекеттик концерттерге Алтынай Нарбаева эч кошулбайт. Репетицияга катышасың, жөнөргө бир күн калганда тизмеден чийилесиң. Документтериң жогорку жакка жетет, кол коюлбай кайра атка кайтат. Мунун баары өнөр адамы үчүн өтө оор. Жакшы болуш үчүн сөзсүз өлүш керекпи? Менде баары жакшы, чийилип, алынып, чакырылбай калганга көнүп бүткөм», — деп пост жарыялаган.

Жүрөк сыздайт, кардыңа эмес, кадырыңа!

Алтынай Нарбаева

Буга ылайык «Апам жана мен» фондунун дагы бир активдүү өкүлү, актёр Эрнис Бөрүбаев дагы нааразычылыгын билдирди.

Эшек иштеп, ат жейт деген ушул окшойт.

Эрнис Бөрүбаев

«Президент менен жолуккан ыктыярчылардын арасында кимдер эле жүрөт? Мен го мейли, Алтынай Нарбаева марттан бери жүрөт, чыныгы көйгөйлөрдү апабыздай эч ким билбесе керек. Аларды сиз барып айтышыңыз керек эле, тизмени түзгөндөр сизди тааныбай, же марттан берки аракеттериңизди көрбөсө, анда президенттин айланасында сокурлар иштеп жаткан экен», — деп билдирүү калтырган.

Социалдык тармактардын колдонуучуларынын пикиринде, Ассол Молдокматова дагы барышы керек болчу.

Ырчы Дайыр Исмадияров, тизмедеги 5-6 ыктыярчыга нааразы экендигин билдирди.

Мен эки күн жардам берип алып, ыктыярчымын деп ошол жерде отургандан уялмакмын.

Дайыр Исмадияров

Жолугушууга ырчы Мирбек Атабеков дагы чакырылган. Ал кислороддук концентраторго үй-бүлөсүнүн атынан акча которгону маалым. Бирок, ыктыярчылык иштерге активдүү аралашканы байкалган эмес. Мирбек Атабеков президент менен жолугушууга ооруп жаткандыгына байланыштуу барбай калган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума