05:11
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Пандемия учурунда жоолук салынууга өткөн шоу-бизнес өкүлдөрү

Ырчы Айпери Кубик кызы жамынып кийинип, башына жоолук салынды. Ырчы айым жоолукчан сүрөтүн өзүнүн Instagram баракчасына жүктөдү. 

Белгилүү болгондой, Айпери Кубик кызы буга чейин ислам дини тууралуу көптөгөн насааттарды айтып келген. Күйөрмандары ырчы айымдын бул чечимин колдоп, ийгилик каалашууда.

Айперинин айтымында, үй-бүлөсү дагы бул чечимин колдоду. Дин жолуна түшкөн ырчынын азырынча сахнаны таштоо ою жок. 

Ырчы Малика Дина дагы акыркы учурда жоолук салынып, узун көйнөк кийген сүрөттөрүн жарыялоодо. 

Ал ислам дини боюнча билим алып, намаз окууга даярданып жатканын билдирди. 

Эске сала кетсек, белгилүү теле алып баруучу Нурзат Токтосунова дагы жамынып жоолук салынган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума