09:06
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Куудул Чыпалак баатыр эми спорт тармагында күч сынашат

«Чыпалак баатыр», «Күчмен» каймана аттары менен белгилүү болгон Зарылбек Аликанов беттешке чыгуу үчүн даярданып жатканын Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында,учурда ал спорттун күрөш, бокс, кара күч ж.б. түрлөрү менен машыгууда.

«Көнүл бургула срочно мага! Мен азыр энергия топтоп тоо жакта түрлүү жаңы өнөрлөрүмдү ойлоп таап, чогултуп духтанып жүрдүм эле. Айта кетейин мен силерге чындыкты. Илгери бокс, күрөш, кара күч жагынан машыгып катуу «мастер» болчумун. Ошо күндөрдү эстеп азыр кайра берилип даярданып жатам. Акыркы күндөрү мага бойго «вызов» таштагандар көбөйүп баштаптыр», — дейт ал.

«Чыпалак баатыр» бирок ортого 10 кой, 2 жылкы, 2 саан уй, 100 миң доллар коюлса гана мушташат.

Эске сала кетсек, Чыпалак баатыр чыпалагы менен оор жүктөрдү көтөрүп, бирде ырдап чыгып, кээде ар кандай фокустарды көрсөтүп эл чордонунан түшпөй келет.

Эң көп окулган жаңылыктар