18:15
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ырчы Кызсайкал Кабылова атасынын туулган күнүндө унаа белек кылды

Ырчы Кызсайкал Кабылова атасынын туулган күнүнө унаа белек кылды. Бул тууралуу ал өзү билдирди.

11-мартта атасы куудул Кабыл Бөрүбаевдин 60 жылдык мааркеси өттү. Атасынын кутман курагы менен куттуктап ырчы айым унаа тартуулады.

«Атам өзү жактырып жүргөн тoyota сamry унаасын белек кылдым. Башында элдин көзүнчө ачкычын берейин дегенмин, бирок, анте албадым. Буюрса, Lexus 570 белек кылсам элдин көзүнчө тапшырам. Буюрса, тойду аман-эсен өткөрүп алдык. Жалпы 300 конок чакырган элек», — дейт Кызсайкал.

Белгилей кетсек, Кызсайкал Кабылова турмушка чыгып ажырашып кеткен. Кийин кайра сахнага кайтып келип, азыр тойлордо ырдап, чыгармачылыгын улантууда.

Эң көп окулган жаңылыктар