02:48
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Каржы полициясы Албек Ибраимовду күбө катары суракка алды

Албек Ибраимов Каржы полициясына «Эл аралык Манас аба майданы» ААКсынын май куюучу борбор сатып алуу фактысы боюнча күбө катары чакырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Сергей Слесарев билдирди.

Ал кошумчалагандай, кайталоочу сурак 29-августта болгон. Анда Албек Ибраимов баардык суроолорго жооп берген.

Буга чейин юрист Каржы полициясы Албек Ибраимовду суракка ага маалымат бербей алып кеткендигин айтып, нааразычылыгын билдирген. Айтымында, Каржы полициясы Албек Ибраимовду кандайдыр бир ишке күбө катары өтүүсү үчүн, сотко кат жөнөткөн. «Сот мага дагы, Албек Ибраимовго дагы кабар бербестен уруксат бериптир», -деди ал.

Эске салсак, мурунку шаар башчыларына жемкорлук айыбы тагылууда. «Албек Ибраимов мэр болуп турган кезинде 250 миң доллар жана 20 миң доллар пара алган. Бул каражат «Дастан Инжиниринг» компаниясынын кассасынан чыгарылган», -деп билдирген Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. Кубанычбек Кулматовго былтыр 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар