11:57
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Сейиткан Алиев: 94 миллион чыгым болду деп атайын бааны көтөрүп коюшкан

Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук процесс уланууда.

Соттогу жарыш сөздө «Калыс-Ордо» калктуу конушунда мектеп курган «Айкөл строй» подрядчы фирманын директору Сейиткан Алиев сөз сүйлөдү.

Ал иш чуулгандуу болуш үчүн, 94 миллион чыгым болду деп атайын бааны көтөрүп коюшканын айтты. Билдирүүсүндө, аларга каршы көрсөтмө бергендер, өз абийирлерине каршы болгондор. Ал биринчи текшерүүдө Эсеп палатасынын аудитору эч кандай чыгым таппаганын кошумчалады. Андан кийин экинчи текшерүү дайындалып, анда 12 миллион сом чыгым келтирилген деп табышкан.

«Кылмышты далилдебеген материалдар сотко келбеши керек эле. Эмнеге ушундай болуп жатат? Бул тергөөчүлөрдүн жазасыз калып жаткандыгынан», — деди Сейиткан Алиев.

Эске салсак, мурунку шаар башчыларына жемкорлук айыбы тагылууда. «Албек Ибраимов мэр болуп турган кезинде 250 миң доллар жана 20 миң доллар пара алган. Бул каражат «Дастан Инжиниринг» компаниясынын кассасынан чыгарылган», -деп билдирген Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. Кубанычбек Кулматовго былтыр 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.

 
Эң көп окулган жаңылыктар