23:49
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жактоочу мурунку мэрлердин күнөөсүз экенин далилдегенге аракет кылат

Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук процесс уланууда.

Мурунку мэрлердин жактоочусу Сергей Слесарев сотто Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун күнөөсү далилденди деген айыптоочулардын айткандарына макул эмес.

«Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө айыптоого негиз боло турган бир дагы далил табылган жок. Анын ичинде экспертизанын корутундусу жок. Күбөлөр сот залында берген көрсөтмөлөрүн далилдей алышпады», — деди жактоочу.

Сергей Слесаревдун айтымында, ал тараптарга жарыш сөз берилгенде, айыпталуучулардын күнөөсүз экенин далилдегенге аракет кылат.

Кошумчалай кетсек, Кубанычбек Кулматовду 15, Албек Ибраимовду 20 жылга эркинен ажыратуу сунушталды

Эске салсак, мурунку шаар башчыларына жемкорлук айыбы тагылууда. «Албек Ибраимов мэр болуп турган кезинде 250 миң доллар жана 20 миң доллар пара алган. Бул каражат «Дастан Инжиниринг» компаниясынын кассасынан чыгарылган», -деп билдирген Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. Кубанычбек Кулматовго былтыр 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар