02:20
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Албек Ибраимовдун үй-бүлөсүнө таандык мүлктөр конфискацияланды. Тизме

Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук териштирүү аяктады. Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми Кубанычбек Кулматовго 5 миллион сом айыппул салынып, залдан бошотулду.

Соттон 24.kg агенттигине билдиришкендей, Албек Ибраимовдун акча каражаттары, ошондой эле анын жубайы Айнура Ибраимованын «БТР Банктагы» 22 миң 996 сом 62 тыйын жана 13 миң 229 сом 85 тыйыны конфискацияланды.

Айнура Ибраимовага катталган мүлк (Чүй облусундагы 147 жер аянттары) дагы конфискацияланды.

Бишкектин мурунку мэринин үй-бүлөсүнө таандык мүлктөр дагы конфискацияланды:

— «Тойота-Рав4» унаасы, 2014-жылы чыгарылган, В2511AW;

— «Мурас» дыйкан чарбасы;

— Арашан айылында жайгашкан 3 дача;

— «Уздар Трейд» ЖЧК;

—"Евразийский Сберегательный банк" ААКнын уставдык капиталынын 9,98677 пайыздык үлүшү. Реестрди кармоочулар «Реестр Сервис» жана Назира Аширахманова;

— «Евразийский Сберегательный банк» ААКнын уставдык капиталынын 9,98677 пайыздык үлүшү.Реестрди кармоочулар «Реестр Сервис» жана Кубанычбек Карагулов.

«Күнөстүү жээк» пансионаты эпизоду боюнча чыгымды Албек Ибраимов ордун толтуруп, 82 миллион 750 миң 556 сом берген. Ал каражат Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго өткөрүлүп берилди.

Албек Ибраимовдон «Дастан» ишканасына жабдыктарды сатып алуу эпизоду боюнча фонддун пайдасына 21 миллион 977 миң 283 сом өндүрүлдү.

«Калыс-Ордо» калктуу конушундагы мектептин курулушу эпизоду боюнча Албек Ибраимовдон, Кубанычбек Кулматовдон, Сталбек Өмүркановдон, Кубат Шаршекеевден жана Сейиткан Алиевден 94 миллион 864 миң 180 сом өндүрүлдү.

Эске салсак, эркинен ажыратуу жазасы Албек Ибраимовго гана берилди. Калгандарына айып салынып, сот залынан бошотулушту.

Эң көп окулган жаңылыктар