04:38
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Мурунку мэрлердин соту. Жактоочу кантип күнөөлүү болуп калуу тууралуу

Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук процесс уланууда.

Борбор калаанын мэриясы тарабынан берилген жер аянттары эпизоду боюнча жарыш сөздө Албек Ибраимовдун жактоочусу Сергей Слесаревго сөз берилди. Ал эпизодду «Тергөө менен келишим же эмне жок болсо ошо» деп атады.

«2019-жылга чейин мыйзамда «тергөө менен келишим» түшүнүгү болгон эмес, мындан улам бул юридикалык жактан мүмкүн эмес. Ал жашыруун жүргүзүлүп, адамдар тобуна белгилүү бир таасир берип турган. Тергөө органдары жүргүзгөн аракеттерден эл коркуп калган. Буга далилдер кылмыш ишинин материалында камтылган. Буга көңүл гана буруу керек», — деди жактоочу.

Сергей Слесаревдун айтымында, башка айыпталуучулар күбө катары сурак беришкенде жер аянттары кантип бөлүнгөнүн, сынак кандай өткөнүн толугу менен айтып беришкен. Анда Албек Ибраимовдун фамилиясы аталган эмес. Алар кармалгандан кийин гана көрсөтмөлөрү өзгөрүп, муну менен бирге алардын баш коргоо чаралары өзгөртүлгөн.

Бизде кандай тандоо укуктары бар? Унчукпасаң — отурасың, сүйлөсөң — чыгасың.

Сергей Слесарев

«Эгер сүйлөбөй койсоң, дароо күнөөлүү болосуң. Бизде өзүнө каршы көрсөтмө берүүдөн баш тартуу укук бар. Эгер аны пайдаланып, сүйлөбөй койсоң, анда дароо кылмышкер болуп каласың», — деди жактоочу.

Жактоочу аталган эпизод боюнча 7 киши күнөөлөнүп жатканын, бирок Албек Ибраимов гана камакта жатканын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар