10:15
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Мурунку мэрлердин соту. Эксперттин подрядчыдан пара талап кылганы айтылды

Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук процесс уланууда.

«Калыс-Ордо» калктуу конушундагы мектептин курулушу эпизоду боюнча жарыш сөздө жактоочу Сергей Слесарев сөз сүйлөдү. Ал мурунку 2 мэр Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовду жактап жатат.

«Мектеп пайдаланууга берилди. Иштеп жатса, демек ал баардык талаптарга жооп берет. Мектепти азыр деле ар кайсыл орган көзөмөлгө алууда. Биз болсо соттук процессте отуруп алып мектепте жаркалар кетти, вентиляциясы иштебейт, кандайдыр бир жыттар келүүдө, мектеп урайын деп калды деп айтып жатабыз», — деди жактоочу.

Жактоочу экспертиза бир жарым жылга созулганын кошумчалады.

«Эксперттер кол кап сыяктуу алмашты. Алардын бири «АльтоГрупп» подрядчы компаниясынан акча талап кылганга жетишти. Учурда ага карата иш козголгон, бирок биздин эпизод боюнча козголдубу же жокпу билбейм», — деди ал.

Эске салсак, мурунку шаар башчыларына жемкорлук айыбы тагылууда. «Албек Ибраимов мэр болуп турган кезинде 250 миң доллар жана 20 миң доллар пара алган. Бул каражат «Дастан Инжиниринг» компаниясынын кассасынан чыгарылган», -деп билдирген Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. Кубанычбек Кулматовго былтыр 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар