2-3-сентябрь күндөрү өлкө аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы кескин төмөндөйт.