14:47
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкекте дайынсыз жоголгон Гани Абдурахимов изделүүдө

Бишкекте дайынсыз жоголгон Гани Абдурахимов изделүүдө. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 8-августта Октябрь РИИБга А.М. аттуу тургун кайрылган. Ал 1954-жылы туулган атасы 7-августта Улуттук онкологиялык борбордун аймагында жүрүп, үйгө кайрылып келбегенин айткан.

Өзгөчө белгилери: бою-160-170 сантиметр, арык дене түзүлүштө, чачтарын ак баскан, кыска. Ошол күнү ак футболка, шым, күңүрт көк түстөгү кепка жана бутуна кроссовка кийип жүргөн. Ал эсин жоготуп кое турганын туугандары айтты.

Маалыматы болгон жарандар төмөнкү даректерге чалса болот: 0312 544184, 0709 997911 же 102.

Эң көп окулган жаңылыктар