Таш-Көмүрдө куткаруучулар жайлоого кеткен чабанды дээрлик бир ай бою издеп жатышат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 15-декабрында 46 жаштагы шаар тургуну Сүтүү-Булак жайлоосуна мал алганы чыгып, үйүнө кайтып келген эмес.
Издөө иштерин улантуу үчүн 58 адам жана 4 дрон алынып келинди.