22:24
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Чүйдө дайынсыз болуп жаткан бир туугандар табылды

Чүй облусунда дайынсыз болуп жаткан эже-сиңди курбусунун үйүнөн табылып, ата-энесинин колуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-январда Новониколаевка айылынын тургуну 15 жана 20 жаштагы кыздары эки күндөн бери дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылган. Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кыздарды издөө иш-чарасы башталган.

«Кыздардын тааныштары, туугандары суралып, эки саатта алардын каякта экени аныкталды. Алар курбу кызынын үйүндө жүргөнү маалым болду», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар