20:41
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Он жыл мурун дайынсыз жоголгон Кыргызстандын жараны Астанада табылды

Он жыл мурун дайынсыз жоголгон Кыргызстандын жараны Астанада табылды. Бул тууралуу Казакстандын Полиция департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, аялдын өздүгүн текшерүү үчүн милицияга жеткирилген.

«Ал Кыргызстандын жараны болуп чыкты. 2014-жылы Казакстанга 36 жашында келген. Ошол учурдан тартып ал туугандары жана достору менен байланышын үзгөн. Астананын полиция кызматкерлери Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинин жардамы менен анын бир тууган инисин табышты. Туугандар Казакстандын борборунда жолугушту», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар