21:12
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Алайда мал жайып жүргөн 13 жашар бала дайынсыз жоголду

Алай районунун Терек айылында тоодон кар көчкү түшүп, 2007-жылы туулган бала мал карап жүрүп дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 4-апрель күнү жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн КР ӨКМнен жалпы 30 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер, мындан сырткары жергиликтүү тургундардан 70 адам тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду. Натыйжа болгон жок,

Бүгүн издөө иштери улантылат.

Эң көп окулган жаңылыктар