07:16
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Таш-Көмүр шаарында дайынсыз жоголгон жигитти издөө иштери токтотулду

Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында дайынсыз жоголгон жигитти издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

26-декабрда 102 кызматына Таш-Көмүр шаарынын Чүйүт-Сай айылынын 1992-жылы туулган тургуну үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Кечээ издөө иштерин улантуу үчүн ӨКМден 15 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 киши тартылган. Бирок 27 жаштагы жигит табылган эмес.

Туугандарынын катынын негизинде учурда издөө иштери токтотулду.

Эң көп окулган жаңылыктар