04:20
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Жаңы окуу жылында 156 миңден ашуун бала биринчи жолу мектеп босогосун аттайт

Жаңы окуу жылында 156 миңден ашуун бала биринчи жолу мектеп босогосун аттайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, биринчи класска бара турган балдардын саны боюнча Жалал-Абад облусу алдыда турат. Бул жылы аталган аймактын 25 миң 257 баласы мектеп босогосун алгачкы жолу аттайт. Ал эми Талас облусунда эң аз санда 10 миң 540 бала мектепке барат. 

Чүйдө 23,6 миң, Ошто 22 миң 210, Ысык-Көлдө 15 миң 182, Нарында 13 миң 982, Баткенде 11 миң 443 бала үчүн алгачкы коңгуроо кагылат. 

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби