23:37
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Өлкөдө авариялык абалдагы 17 мектеп бар. Аткаминердин айткандары күмөн жаратты

Кыргызстандын мектептеринде англис тили сабагынын саатынын саны көбөйтүлөт. Бул тууралуу КСДП фракциясынын отурумунда жаңы дайындалган билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.

Айтымында, мектеп имараттары дагы оңдоодон өтөт. Ал балдар бакчасына англис тилин үйрөтүү пландалганын кошумчалады.

КСДП мүчөлөрү авариялык абалдагы мектептер тууралуу маселени көтөрүштү. Министрдин маалыматы боюнча, өлкөдө авариялык абалдагы 17 мектеп бар. Депутат Рыскелди Момбеков аткаминердин айткандарынан күмөн санады. Ал авариялык абалдагы мектептердин саны алда канча көп деди.

«Сиздин түшүнүк боюнча авариялык абалдагы мектеп деген эмне? Контейнердик абалга жетип калганбы? Мен сизге авариялык абалдагы мектептердин саны 17 эмес деп айтат элем. Чоң-Алай менен Чаткалда балдар жарымы бузулуп, урайын деп калган имараттарда билим алышууда. Барып көрүңүз», -деди депутат.

Министр бул маселени чече турганын айтып, учурда мектептер салынып жатканын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар