04:13
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Нарын районуна караштуу Кеңеш айылында жаңы мектеп курулат

Нарын районуна караштуу Кеңеш айылында жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, эски мектептин имараты авариялык абалда турат. ӨКМ буга чейин жарымы бузулуп калган имаратта окууга тыюу салган.

«Биз окуу процессин убактылуу клубдун имаратында өткөрүүнү пландаганбыз, бирок ал дагы авариялык абалда. Коопсуздукту сактоо максатында балдарды мобилдүү үйлөргө убактылуу жайгаштыруу чечими кабыл алынды. Күн сууктаганда окуучулар менен мугалимдер башка жайга көчүрүлөт. Жаңы мектеп жакынкы аралыкта курулат», -деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, кечээ Нарын облустук администрациясынын аткаминерлери контейнердин фонунда түшкөн сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланган. Сүрөттүн алдында Кеңеш айылынын окуучулары ушул мектепте убактылуу окуй турганы жазылган.

Нарын облустук администрациясы 24.kg агенттигине маалыматты тастыктап, сүрөттөгү «мобилдүү» мектеп бар экенин айтышты.

Маалыматка караганда, Кеңеш айлынын билим берүү мекемеси авариялык абалда турат. «ӨКМ жарымы бузулуп калган имаратта окууга тыюу салган. Мындан улам окуу атайын жабдылган контейнерлерде жүргүзүлөт. Алардын саны 6, баардыгы жылууланган. Анда 160 бала 2 кезек менен окушат», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар