04:59
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жаңы окуу жылы. Президент «Газпром» ишканасы курган мектептин ачылышына катышты

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги «Газпром» ишканасы курган мектептин ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Мамлекет башчысы аталган мектеп билим берүү жаатындагы алгачкы биргелешкен кыргыз-россиялык чоң долбоор экенин кошумчалады жана өлкөнүн аймактарында ушул сыяктуу билим берүү мекемелери көбөйө берет деген үмүтүн билдирди. Өз сөзүндө «Газпромдун» биздин өлкөнүн экономикасына салган инвестициялык салымдардын көлөмү 35 миллиард сом болгонун эске салды. 

«Бүгүн «Газпром» компаниясынын тобу биздин өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө жемиштүү таасирин тийгизүүдө, өлкө бюджетине 43 миллиард сомго жакын каражат которду», -деди ал.

Эске салсак, «Газпром Кыргызстан мектеби» жалпы билим берүүчү мектеби «Газпром — балдарга» долбоорунун алкагында курулуп, 960 окуучулук орунга эсептелген. Мектеп эң жаңы жабдуулар менен жабдылган жана окуу, административдик, ашканасы бар чарбалык имарат-жайларды, актылар залын, спорттук залды жана бассейндерди камтыйт.

Эң көп окулган жаңылыктар