18:03
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Азамат Жаманкулов китепканаларды окуу жайларына берүүнү сунуш кылды

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов китепканаларды окуу жайларына берүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу ал өкмөттүк отурумда айтты.

Анын билдирүүсүндө, окуу залдарында ар кандай ийримдерди ачууга болот. Мисалы, робот техникалары ийримин.

«Мындан тышкары китепканалардан мектеп окуучулары үчүн музыка, маданият тууралуу айтып берип, ар кандай окуу программаларын жүргүзсө болот», -деди министр. Ал кошумчалагандай, бул учурда китепканаларда жаңы окуу бөлүмдөрүн ачууга туура келет.

Эң көп окулган жаңылыктар