23:32
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Солтон-Сары кенине биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жөнөп кетти

Жаңжал чыккан Солтон-Сары кенине биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жөнөп кетти. Бул маалыматты 24.kg агенттигине өкмөттөн тастыкташты. 

Эске салсак, кечээ Солтон-Сары кенинде жергиликтүү тургундар менен кытайлык жумушчулар арасында жаңжал чыккан. Ортодо пикир келишпестиктер жаралып, бири-бирине таш ыргытышкан. Кесепетинен отуздан ашуун киши жараткат алганы кабарланууда.

Маалыматка караганда, кечээ 500го жакын киши чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык «Жоржи Майнинг» компаниясына барышкан. Алар аталган компаниянын ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылышууда. Мындан сырткары жергиликтүү эл малдын кырылып жатканын айтып, буга кен комбинатынын куруу иштери себеп болушу толук ыктымал экенин кошумчалашты. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума