20:55
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

ЖЭБ боюнча сот. Башкы инженер Нурлан Өмүркул уулу көрсөтмө берди

Бишкек электр жылуулук борборун модернизациялоодо тетиктердин баары эки эсе кымбат сатылып алынган. Бул тууралуу бүгүн Бишкектин Свердлов райондук сотунда ЖЭБдин башкы инженери Нурлан Өмүркул уулу билдирди.

Ал күбө катары көрсөтмө берди.

Анын айтуусу боюнча, ЖЭБдин аймагында биринчи катарга жаңы блогдорду тургузушмак, экинчисине — өзүн-өзү камсыздаган турбиналарды, от казандарды.

«Биринчи жана экинчи катар ишин аткарып, 30 жыл кызмат кылып, жабдыктарды которуу убагы келген. «Электр станциялары» ишканасы тарабынан модернизация боюнча топ түзүлүп, анын ичине дирекция кирген. Арасында Бримкулов да бар болчу. Алар ошол долбоорго жооптуу адамдар болчу», — дейт күбө.

Кийин аларга техникалык тапшырма даярдоо тапшырмасы берилген. Ал топтун ичине цехтердин жетекчилери кирген.

«Биз ошол бөлүгүнө гана катышкан элек. Техникалык тапшырмасында химцехтин кубаттуулугу саатына 500 кубаметрди түзсө, иш жүзүндө ал көрсөткүч 280 гана болгон. Долбоорду кабыл алганга чейин химцех даяр эмес болгон. Чечим 2017-жылы кабыл алынып, биринчи түрттүрүү ошол жылдын күз мезгилинде башталган», — дейт инженер.

Нурлан Өмүркул уулу белгилегендей, ошол кезде бааларды жогорулатуу болгон. Мисалы, сөйкө деген түшүнүк бар —ал техникага 100 миң доллар өлчөмүндөгү каражат королгон, турбиндик май андан да жогору турган, ливи — 200 миң доллар.

Мындайча айтканда эки эселенген эсеп жүргөн. Мисалы, ошол эле 640 долларга алынган аттиштер. Чындыгында алардын баасы 320 доллар. ЖЭБ техникалык жактан өзүн-өзү камсыздаш керек болчу, бирок көп маселе жаралып, алар жылуулук берүүнү кургулары келген эмес.

Нурлан Өмүркул уулу
«Бизге материалдарды алып келип, бирок монтаждык иштерди баштабай келишкен. Контракт боюнча, жылуулук тармактарынын жабдыктары жылуулукту баардык жакка бериши керек эле, бирок ал эки гана линияга берген. Алар электр энергия боюнча гана баардык иштерди жүргүзүшкөн», — дейт ал.

Күбө белгилегендей, мындай баага мындан да жакшы ЖЭБ курууга мүмкүн болчу.

Эске сала кетсек, «Бишкек ЖЭБди модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашырууда коррупция болуп, мамлекетке 5 млрд. 439 млн.сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, энергетика тармагынын жооптуу кызматтарында отурган жети киши камакка алынган. Алардын арасында Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев жана «Электрстанциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов дагы бар. Алардын бардыгы жемкордук беренеси менен айыпталууда. Ал эми мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков кечээ УКМКга чакырылып күбө катары бир нече жолу сурак берди.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби