21:37
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жантөрө Сатыбалдиев менен Осмонбек Артыкбаевге жемкорлук айыбы тагылды

Мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен депутат Осмонбек Артыкбаевге жемкорлук айыбы тагылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу билдирди.

Айтымында, Жантөрө Сатыбалдиев менен Осмонбек Артыкбаевдин тийиштиги бар делген Бишкек ЖЭБи боюнча тергөө аяктады. Учурда материалдар менен таанышуу башталды.

Осмонбек Артыкбаев азыр Улуттук травматология жана ортопедия борборунда дарыланууда. Ал бир канча жолу операция болду. Жантөрө Сатыбалдиев УКМКнын тергөө абагында. Материалдар сотко 25-январдан кийин келип түшөт.

Жантөрө Сатыбалдиев менен Осмонбек Артыкбаевге Бишкек ЖЭБ боюнча жемкорлук айыбы тагылган. Эскерте кетсек, аталган маселе боюнча кылмыш иши козголуп, энергетика тармагынын жооптуу кызматтарында отурган жети киши камакка алынган. Алардын арасында Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев жана «Электрстанциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов дагы бар. Алардын бардыгы жемкордук беренеси менен айыпталууда. Ал эми мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков кечээ УКМКга чакырылып күбө катары бир нече жолу сурак берди.

Эң көп окулган жаңылыктар