08:55
USD 84.80
EUR 99.29
RUB 1.16

ЖРТдан Жалал-Абад жана Баткен облусунун бүтүрүүчүлөрү алдынкы орунга чыкты

Жалпы республикалык тестирлөөдөн Кыргызстан боюнча эң көп балл алган Жалал-Абад шаарындагы Элдияр Чормонов аттуу бүтүрүүчү болду. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Ал Курманбек баатыр атындагы кыргыз-түрк лицейдин бүтүрүүчүсү, 238 балл алды.

Андан кийинки орунда Бишкек шаарында № 70 мектеп-гимназиянын окуучусу Нуртегин Көлбаев, үчүнчү орунда Лейлек районун бүтүрүүчү Аида Бөрүкүлова (№ 1-гимназия).

Жалпы республикалык тестирлөөгө 43 440 мектеп окуучусу катышып, эң жогорку балл 238 болду.

Тесттен өттү деген баллды 27 019 мектеп окуучусу, тагыраагы, бүтүрүүчүлөрдүн 62,2 пайызы алган. Былтыркы жылга (57 пайыз) салыштырмалуу бул көптүк кылат.

Орточо балл азыр 119,5ке (былтыр 119,4) чейин өскөн.

Белгилей кетсек, Бишкектеги № 61-мектептин бүтүрүүчүлөрү быйыл алдынкы орундарга жетише алышкан эмес.

ЖРТнын жыйынтыгы боюнча алдынкы 10 орун:

Элдияр Чормонов — эркек балдардын Курманбек баатыр атындагы кыргыз-түрк лицейи (Жалал-Абад шаары);
Нуртегин Колбаев — № 70 мектеп-гимназия (Бишкек шаары);
Аида Борукулова — № 1 мектеп-гимназия (Лейлек району);
Жеңишбек уулу Талантбек — «Семетей» лицейи (Кадамжай району);
Мамажанова Гулшода — кыздардын № 20 кыргыз-түрк лицейи (Жалал-Абад шаары);
Дария Мусаева — № 12 окуу-тарбия мектеп-гимназия комплекси (Бишкек шаары);
Анастасия Чичкова — № 38 окуу-тарбия комплекси (Бишкек шаары);
Эрали кызы Сезимай — кыздардын «Себат» лицейи (Ош шаары);
Эржигит уулу Тыныбек — эркек балдардын Курманбек баатыр атындагы кыргыз-түрк лицейи (Жалал-Абад шаары);
Мухомедьярова Алина — № 67 окуу-тарбия мектеп-гимназия комплекси (Бишкек шаары).

Эң көп окулган жаңылыктар