11:00
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекте ымыркайлардын жарышы өттү

Бишкекте соода борборлорунун биринде өткөн ымыркайлардын жарышына 100дөн ашуун наристе катышты.

Баш байгени алгачкы болуп эмгектеп келген үч бөбөк алды. Калган ымыркайлар кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту. 

Маалыматка ылайык, мелдеште 7-10 айлык балдар жарышты. Алар үч мүнөттүн ичинде 10 метр жерге, эмгектеп келиши шарт болчу. Алардын ата-энелери белгиленген жерге туруп, кызын же уулун чакырышы керек. Бул үчүн оюнчуктар, таттуулар жана гаджеттерди пайдаланууга уруксат берилген. 

Калыстар тобу үч жеңүүчү бөбөктү аныктап, аларга кийим-кечек, бут кийим жана башка белектерди ыйгарышты. Эске салсак, аталган иш-чара биринчи жолу өтүп жаткан жок. 

Эң көп окулган жаңылыктар