17:02
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

39 миңге жакын жаңы төрөлгөн наристеге сүйүнчү пул берилди

Февралдан бери 39 миңге жакын жаңы төрөлгөн наристеге 4 миң сомдон сүйүнчү пул берилди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, сүйүнчү пулга мамлекеттик бюджеттен 158 миллион 7 миң сом бөлүнгөн.

Эскерте кетсек, жаңы төрөлгөн балдарга сүйүнчү пул берүү боюнча мыйзам 1-январда күчүнө кирип, бир айдан кийин бериле баштаган. Министрликтин маалыматына ылайык, өлкөдө бул жылы болжолдуу түрдө 159 миң ымыркай төрөлүшү мүмкүн.

Министрликтин маалыматына ылайык, өлкө аймагында 2018-жылы болжолдуу түрдө 159 миң ымыркай төрөлүшү мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар