07:59
USD 84.87
EUR 91.60
RUB 1.11

Нооруз күнү Кыргызстанда 341 ымыркай жарык дүйнөгө келди

21-март- Нооруз майрамында Кыргызстанда 341 ымыркай жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, наристелердин 185и эркек, 157си кыз. Тактап айтканда, Бишкек шаары боюнча 44 уул жана 34 кыз, Ош облусу боюнча 37 уул жана 31 кыз төрөлдү.

Ошондой эле майрам күнү Бишкек шаарындагы № 2 төрөт үйүндө жана Ош шаардык төрөт үйүндө эгиздер жарыкка келди.

Эң көп окулган жаңылыктар