07:15
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекте дааратканадан жаңы төрөлгөн наристени алып чыгышты

Бишкекте дааратканадан жаңы төрөлгөн наристени алып чыгышты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлайт. 

Мекеменин айтымында, 3,396 килограмм салмактагы наристени тез жардам кызматы Бишкек шаардык балдар оорууканасына жеткирген. 

Даарыгерлердин айтымында, кыздын абалы оор, ага суук өтүп кеткен. Ал азыр реанимация бөлүмүндө жасалма жол менен дем алып жатат. 

Милиция кыздын энесин издөөдө. 

Эң көп окулган жаңылыктар