11:16
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте ымыркайлардын жарышы өтөт

Бишкекте ымыркайлардын жарышы өтөт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарышка 7-10 айлык наристелер катыша алат.

«Балдар үч мүнөттүн ичинде 10 метрлик аралыкты жөрмөлөп өтүшү керек. Мында ата-энелерге наристелерин алаксытып, чакырып турууга уруксат берилет», -дешет уюштуруучулар.

Иш-чара 18-майда саат 16.00дө Bishkek Park соода борборунда өтөт. Жеңүүчүлөргө ар кандай номинациялар боюнча сыйлыктар тапшырылат.

Эң көп окулган жаңылыктар