06:35
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкекте төрөлгөн 4 эмдин абалы туруктуу

Бишкекте төрөлгөн 4 эмдин абалы туруктуу. Балдар азырынча жандандыруу бөлүмүндө жатат, бирок өз алдынча дем алып калышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Шаардык перинаталдык борборунун кызматкери Алина Токторалиева билдирди.

«Балдардын абалы туруктуу, алар дарыланып жатат. Тамакты көбүрөөк жеп башташты», -деди ал.

Алина Токторалиеванын айтымында, 4 эмдин апасы наристелеринин жанында.

Эске салсак, 25-февралда Бишкекте 4 эм төрөлгөн. Балдар 7 айлык болуп төрөлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума