10:51
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Москвада кырсыктаган учактан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Москвада кырсыкка учураган учактан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Эске салсак, 5-май кечинде Москва — Мурманск багыты боюнча каттамды аткаруу үчүн асманга көтөрүлгөн учак жарым сааттан кийин авариялык конуу жасаган. Жүргүнчүлөр сыртка 55 секунддун ичинде учактын куткаруу шатысы аркылуу чыгарылган.

Орусиянын Тергөө комитети «Сухой Супержет» учагынын 40 жүргүнчүсү жана бир экипаж мүчөсү каза тапканын ырастады.

Эң көп окулган жаңылыктар