18:20
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Казакстан ИИМи Алматыда учактын кулашынын үч версиясын атады

Казакстан Ички иштер министри Ерлан Тургумбаев Bek Air компаниясына тиешелүү Fokker-100 учагынын кыйрашына үч жагдай себеп болушу мүмкүн экенин билдирди: Биринчи — экипаждын катасы, экинчи — учактын техникалык алешемдиктери, үчүнчү — навигация кызматынын ишиндеги кемчилик. 

Казакстандын Ички иштер министрлиги 28-декабрда кырсык боюнча экспертизалар дайындалып, «Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу» боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганын жарыялаган. Кырсыкты иликтөө иштерине Эл аралык авиация комитетинин өкүлдөрү катышат.

27-декабрда таңга маал Алматы шаарынын жанына кулаган учактын ичинде 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон. Кырсыктан кеминде 12 адам каза таап, 40тан ашык киши жаракат алган.

Эң көп окулган жаңылыктар