13:02
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Шереметьеводогу учак кырсыгынын негизги себептери аталууда

Шереметьево аэропортунда күйүп кеткен «Сухой Суперджет 100» (SSJ 100) учагына тийген чагылган бортко маселе жараткан, бирок ал анчалык опурталдуу болгон эмес. Бул тууралуу «Коммерсантъ» 41 кишинин өмүрүн алган кырсыктын себептерин иликтөөгө катышы бар булактарына таянуу менен билдирди.

Эксперттердин пикиринде, оор кырдаалды учкучтар өздөрү пайда кылган болушу мүмкүн. Конуу алдында алар кыймылдаткычтардын иштөө режимин кескин көбөйтүп, ошол эле маалда учактын тумшугун ылдый түшүрүшкөн. Мындан тышкары учак жерге катуу урунуп баштаганда учкучтар аны кондурууну улантышкан, эреже боюнча бул учурда кайрадан асманга көтөрүлүү керек болчу. 

Басылманын маектешинин билдиришинче, эми тергөө эки учкучтун кимиси бул катачылыктарга жол бергенин аныктап чыгышы зарыл.

Учакка чагылган тийгенден кийин, генераторлор токтоп, аккумулятордук батареялар иштеп баштаган. Мындан соң учуу түз башкаруу режимине өткөн, учкучтардын ыктымал катачылыктарын оңдоп турган борттогу компьютер иштебей калган. Генератор иштебей калган учурда эмне кылуу керектиги бортто жазылган. Учакты чыгаргандар ырастагандай, «Супержет 100» жетиштүү убакыт абада кармалып турууга кудуреттүү, экипаж жакынкы аэродромго учуп жетүүгө үлгүрмөк.

Маалыматтарга караганда, учкучтар менен диспетчерлердин сүйлөшүүлөрү иликтенип чыккан, борттогу жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралган жок деген авариялык кырдаал тууралуу белги берилген. Буга байланыштуу учак токтогон жерде өрт өчүрүүчүлөр күтүп турган эмес.

5-майда «Sukhoi Superjet» учагы кабылган кырсыкта 41 адам, анын ичинде бир экипаж мүчөсү каза тапкан. Москвадан Мурманскка жөнөгөн учакта 78 адам — экипаждын 5 мүчөсү жана 73 жүргүнчү бараткан. 37 киши аман калды, алардын айрымдары ооруканада.

Эң көп окулган жаңылыктар