12:27
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Учакта каза болгондор. Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге көңүл айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков Москва шаарынын Шереметьево аэропортунда болгон каргашалуу окуянын кесепетинен көптөгөн адамдар каза болгондугуна байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

«Шереметьево аэропортунда болгон каргашалуу окуянын кесепетинен көптөгөн адамдар каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтуу менен, баардык жабыркагандардын тез айыгып кетүүсү боюнча каалоомду жеткирип коюуңузду өтүнөм. Орду толгус аза кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп белгиленген мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Эске салсак, 5-май кечинде Москва — Мурманск багыты боюнча каттамды аткаруу үчүн асманга көтөрүлгөн учак жарым сааттан кийин авариялык конуу жасаган. Жүргүнчүлөр сыртка 55 секунддун ичинде учактын куткаруу шатысы аркылуу чыгарылган. Орусиянын Тергөө комитети «Сухой Супержет» учагынын 40 жүргүнчүсү жана бир экипаж мүчөсү каза тапканын ырастады.

Эң көп окулган жаңылыктар