16:34
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Иранда кырсыкка кабылган учактын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн баары каза болду

Ирандагы кырсыкка кабылган учактын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн баары каза болду. Бул тууралуу Рейтер агенттиги ирандын мамлекеттик телевидениесине шилтеме берип жазды.
 
Украиналык учак бүгүн эртең менен Имам Хомейни атындагы эл аралык аба майданынан учуп чыккандан кийин кырсыктаган. Ирандын Авиация министрлигинин өкүлү Джаафар Заденин айтымында, учактын ичинде 167 жүргүнчү жана 9 экипаж мүчөсү болгон.
 

РИА Новостинин маалыматына ылайык, учак учуп кеткенден 2 мүнөттөн кийин сигнал бербей калган. Алдын ала билдирүүгө караганда, техникалык себептерден улам кырсык болду.

 
 
 
 
Эң көп окулган жаңылыктар